04:20
USD 69.84
EUR 79.25
RUB 1.06

Муфтият өспүрүмдөр арасындагы суицидке каршы күрөшкө киришти

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев Темир айылындагы «Эркин Керимгазиев» атындагы орто мектептин окуучулары менен жолугушуп, терс диний агымдар боюнча маалыматын берди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Андан тышкары окуучулар менен бирге экстремизм, терроризмди алдын алуу жана өз өмүрүнө кол салууну токтотуу маселелерин талкуулашты.

Жыйындын акырында жалпы катышуучулар мектеп окуучуларын ыймандуу, адептүү жана билимге сугарылган жаштардан болушуна тилектештигин билдиришип, мамлекеттин эртеңки келечеги жаштар экенин баса белгилешти.

Эң көп окулган жаңылыктар