Акыйкатчынынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү чек ара каза болгон кыргыз жаранынын өлүмү боюнча иликтөө баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет.
Алардын маалыматында, кызматкерлери Аксы районуна жөнөп кетишти.
Эскерте кетсек, 7-апрель күнү Кербен айылынын 34 жаштагы тургуну Фархад Мырзакулов Өзбекстан тарапта жашаган эжеси Дилорам Бакиеванын үйүнө коноктон кайтып келе жаткан кезинде ок атылат. Күбөлөрдүн айтымында, Фархад Бакиров чек ара сызагы катары эсептелген арыкты аттап өткөндөн кийин өзбек аскерлери ага карай ок чыгарышкан. Ок башына тийип ал набыт болот. Анын сөөгүн аскерлер Өзбекстан тарапка сүдүрөп кетүүгө аракет жасашат. Дилорам Бакиеванын кыйкырыгына топтолгон күбөлөр Фархад Бакировду ооруканага алып кетишет.
Аксы райондук ички иштер башкармалыгы «Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козгоду.