17:48
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Казарман-Акталчат унаа жолу толугу менен калыбына келди

Казарман-Акталчат унаа жолу толугу менен калыбына келди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Жолду калыбына келтирүү үчүн № 18-жол тейлөө ишканасынан 2 грейдер, 1 УАЗ үлгүсүндөгү унаа жана 7 кызматкер тартылып, 3-апрель күнү Ак-Союл суусу жээгин бекемдөө жумуштары жүргүзүлүп, толугу менен аяктаган.

Эскерте кетсек, Тогуз-Торо районунда 27-март күнү саат 22:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Союл суусунун деңгээли көтөрүлүп, Казарман-Акталчат унаа жолунун 18 жана 25-чакырымдарын жууп кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар