Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары каршылык акциясын улантууда. Бул тууралуу Жүк ташуучулар ассоциациясынын башчысы Чолпонбек Жанбаев билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн түштүгүндө күйүүчү жана майлоочу майга болгон таңсыктык жүрүп жатат. Ал эми Унаа жана жолдор министрлиги маалыматты четке кагып, күйүүчү жана майлоочу май Өзбекстандын аймагы аркылуу ташылып жатканын айткан.
«Биз май ташуучу унааларды коё берип жатабыз. Беш машинадан кетип жатат. Коюп жаткан талаптарга жооп болмоюн каршылык акциясы токтобойт. Жемкордук жана ар кандай жыйымдар жокко чыгышы керек», -деди Чолпонбек Жанбаев.