16:32
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Илим Карыпбеков Чынара Капарова боюнча соттун чечимин аткарууну убадалады

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков «Ала-Тоо» берүүсүнүн диктору Чынара Капарованы кайра жумуш ордуна алууну убадалады. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

Анын маалыматында, учурда КТРКнын жумуштан айдалган 10 кызматкери жетекчилик менен соттошууда.

«Бул мекеме, уюмдарда кадимки эле көрүнүш, себеби ар-бир кызматкер жетекчинин чечими менен макул болбостон сотко кайрылууга укугу бар. Бул сапар сот Капарованын пайдасына чечти. Мен албетте соттун чечимин мыйзамдуу түрдө дагы, жарандык милдетим боюнча дагы сыйлам. Азырынча соттун чечими бизге расмий келе элек, келер замат кынтыксыз толугу менен мыйзам чегинде аткарыларын билдирем» — дейт ал.

Эскерте кетсек, 26-март күнү Жогорку Сот Чынара Капарова менен КТРКнын ортосундагы талашты диктордун пайдасына чечкен. Ага ылайык КТРК Капаровага иштен алынгандан кийинки 55 миң сом айлыгын жана 5 миң сом өлчөмүндө моралдык чыгымын төлөп берүүгө жана кайра кызматка алууга милдеттүү.

Коомдук каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков 2016-жылы Капарова маркум Эл акыны Сүйүнбай Эралиевди «Эл баатыры» деп эфирде туура эмес тааныштырганы үчүн иштен алган.

Эң көп окулган жаңылыктар