19:52
USD 69.11
EUR 81.33
RUB 1.04

Атамбаевдин кадры. Сооронбай Жээнбеков министр Улан Исраиловду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Бул тууралуу Акүйдүн маалымат кызматы кабарлайт.

Жолугушууда министр 2018-жылдын 8-февралында Коопсуздук кеңешинин чечими менен ички иштер органдарынын алдына коюлган олуттуу милдеттерди ишке ашыруу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыкчам чаралар тууралуу маалымат бергендиги айтылат.

Акүй Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ички иштер органдары тарабынан иштер күчөтүлүп жаткандыгы байкалгандыгын белгилегендигин маалымдайт. Бирок, ошол эле учурда мамлекет башчысы ИИМ системасында коррупция деңгээли жогору экендигин, ошондой эле милиция кызматкерлеринин көп сандаган мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган статистикалык маалыматтарды келтирди.

«Бирок алдыга коюлган конкреттүү максаттарга жетиш үчүн дагы көп иштеш керек», — деп Сооронбай Жээнбеков милициянын иши мыйзамга гана негиздениш керек экендигин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улан Исраиловдон алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу ыргагын басандатпастан, ички иштер органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча катуу чараларды колдонууну, калк менен тыгыз иштешүүнү талап кылды.

Эскерте кетсек, Улан Исраилов мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болуп жүргөн. 31-мартта өткөн маалымат жыйында Алмазбек Атамбаев Улан Исраиловду мактап, аны реформа жүргүзгөн жалгыз министр катары атады.

Эң көп окулган жаңылыктар