22:30
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Москванын түштүгүндө 50дөй мигрант кармалды

28-августта Орусиянын Ички иштер министрлиги Москванын түштүгүндөгү Бутово районунда 50гө жакын тажик мигранты кармалганын билдирди.

Мигранттардын бири качып кетүүгө үлгүргөн. Ал «Озоди» радиосуна бүгүнкү күнгө чейин мекендештеринин тагдыры тууралуу эч нерсе белгисиз экенин айтты. Анын билдиришинче, алардын кармалганына 24 сааттан ашык убакыт өтсө да, азырынча бошотула элек.

Орусиянын Ички иштер министрлиги кырдаал боюнча түшүндүрмө берген жок. Мурдараак тартип бузуунун алдын алуу үчүн рейд жүрүп жатканы кабарлаган.

Акыркы бир нече ай ичинде тажик мигранттары аларга ашыкча текшерүүлөр жана басым жасалып жатканын айтып келишет.

Эң көп окулган жаңылыктар