19:00
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Саясатчылар Жээнбеков менен Асанов камакта калышты

Массалык башаламандык уюштурууга айыпталып эки айга камалган саясатчылар Равшан Жээнбеков менен Бектур Асановдун апелляциялык арызы канааттандырылган жок.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 10-ноябрда Жээнбеков менен Асановдун кармалышы мыйзамдуу болгон деп таап, аларды эки айга камоо тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Сот Рита Карасартова менен Асия Сасыкбаеванын да кармалышын мыйзамдуу деп таап, бөгөт чарасы тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Гүлнара Журабаева, Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Кеңешбек Дүйшөбаев, Перизат Суранова, Айбек Бузурманкулов жана Таалай Мадеминовдин бөгөт чарасы 9-ноябрда Шаардык сотто каралып, аларды эки айга камаган райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калтырылган.

23-октябрда «массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен кармалгандар өздөрүнө коюлган айыпка макул эместигин айтып келет.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камалгандардын бөгөт чарасын кароо 11-ноябрда да уланат.

Саясатчы Азимбек Бекназаров жана ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан Талант Эшалиев шаардык сотко апелляциялык арыз жазган эмес. Ал эми Чыңгыз Капаров, Орозайым Нарматова жана Ильгиз Шаменовдун соттук иштери качан өтөрү тууралуу маалымат ачыктала элек.

23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо.

Укук коргоочулар тынч жыйындар мыйзамга каршы келбей турганын айтып, камоолорду оппозицияга кысым катары баалады. Бир катар эл аралык уюмдар кырдаалга тынчсыздануусун билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар