Юстиция министри Уран Ахметов кызматтан кетүү арызын берди . Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өкмөттөгү жеке булактар билдирди.
Маалыматты өкмөттүн аппаратынын дагы тастыктады. Ал кызматтан кетүү арызын өз каалоосу менен жазган.
«Премьер-министр Сапар Исаков, Уран Ахметовдун арыздын кабыл алды», — деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.
Буга чейин министр Жогорку Кеңеш тарабынан бир нече жолу сынга кабылган. Акыркы жолу ага мыйзам долбоорунда кетирилген катар тууралуу катуу сын айтылган.