22:25
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Аба ырайы: 1-3-апрелге чейин өлкөдө жаан жаап, абанын температурасы төмөндөйт

1-апрелден 3-апрелге чейин Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу аймактарда карга айланат. Кыргызстандын тоолуу райондорунда жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө +3...+8°, күндүз +11...+16 жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +13...+18 жылуу болот.

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +5...+10 жылуу болот.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −1...-6 суук, күндүз +4...+9 жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −13...-18°, күндүз −2...-7° суук болушу күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар