11:05
USD 69.85
EUR 78.66
RUB 1.03

Эртең Бишкек-Нарын-Торугарт жолу убактылуу жабылат

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Сары-Булактан тартып Оттук айылына чейинки бөлүмү убактылуу жабылат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 288-289 чакырым аралыгында көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан эртең саат 13:00дөн 20:00гө чейин жолдун аталган бөлүгү жабык болот. ӨКМ кызматкерлери кар көчкүсүн атайлап атып түшүрүү иштерин жүргүзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар