10:55
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Гүлжайна Атаханова: Биз режиссёрдун айтканын кылдык

КТРКнын «Салам Кыргызстан!» программасынын алып баруучуларынын бири Гүлжайна Атаханова теле берүү кайрадан эфирге чыгышы мүмкүн экендигин айтты.

Учурда программадан Гүлжайна Атаханова жана Назира Жетигеновалар четтелип, аны Санжар Мыкыев өзү гана алып барууда.

«Мен «Чыпалак баатыр» жана Клара Алибекова менен өзүм сүйлөшөм. Эки каарманыбыздын бизге таарынычын деле байкаган эмесмин. Биз болгону режиссёр эмне десе ошону аткардык. Учурда ал кайрадан эфирге чыгышыңар мүмкүн деп жатат. Ал кун дагы келет деп ишенем», — деди ал Атаханова.

Эскрте кетсек, буга чейин КТРКнын баш директору Илим Карыпбеков өзүнүн Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына, көптөгөн көрөрмандардын сын-пикирлерин эске алуу менен «Салам Кыргызстан» көрсөтүүсүн токтотуу боюнча чечим кабыл алгандыгын билдирген. Ал Интернет булактарында таркап, талкууга алынган ырчы Клара Алибекова жана «Чыпалак баатыр» боюнча көрсөтүүлөрдү карап чыгып алып баруучулар этикалык көрүнүштүн чегинен чыгып кеткен деп баалаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби