Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Пакистан Ислам Республикасынын президенти Мамнун Хуссейнге Пакистан Ислам Республикасынын күнүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Улуттук майрам — Пакистан Ислам Республикасынын күнү менен чын дилимден куттуктайм.
Кыргызстан менен Пакистандын салттуу достук мамилеси жана кызматташтыгы эки өлкөнүн элинин кызыкчылыгы үчүн ырааттуу өнүгүп жана тереңдей берет деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.
Президент Сооронбай Жээнбеков Пакистандын президенти Мамнун Хуссейнге чын ден-соолук, бакыт жана бакубаттык, ал эми достук мамиледеги Пакистан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.