14:27
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Мавлян Аскарбековго катара козголгон кылмыш иши кайра жанданды

Мавлян Аскарбековго катара козголгон кылмыш иши кайра жанданды. Бул тууралуу ал бүгүн «24.kg» агенттигине билдирди.

Аскарбековдун айтымында, Конституциялык апалата анын эки арызын кароодон баш тарткан. Отурум 27-мартка белгиленген.

Эскерте кетсек, Мавлян Аскарбеков бийликти басып алууга чакырык жасаган деп айыпталууда. Активист ага тагылып жаткан айыпты негизсиз деп эсептейт. Анын айтымында, Дачи СУ айылында эл менен болгон жолугушууда, алардын социалдык маселесин чечип берүү багытында сүйлөгөн сөзүн туура эмес интерпретация кылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар