10:32
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Турмушка чыккан мектеп окуучусу кош бойлуу эместигин маалымдалды

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Козуев турмушка чыккан мектеп окуучусу кош бойлуу эместигин, ата-энеси үй бүлө куруусуна каршы болбогонун билдирди.

Анын айтымында, кыз турмушка өз каалоосу жана ата-энесинин уруксаты менен 6-мартта турмушка чыккан. Андан бери мектепке келе элек. Ата-энеси кызы турмушка өз каалоосу менен чыкканы тууралуу азыр жазып беришкен.

«Ал кош бойлуу эмес. Мунун өзү дагы айтып жатат. Учурда иликтөө иштери уланууша», — деди Козуев.

Эскерте кетсек, буга чейин Жалал-Абада облусунун Ноокен айылындагы № 20-мектептин 11-классынын окуучусу турмушка чыккандыгы айтылган. Окуучу кош бойлуу болгондугуна байланыштуу ата-энеси турмушка узатууга аргасыз болгон деген маалымат тараган.

Эң көп окулган жаңылыктар