21:51
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстан Орусиядагы шайлоого 56 байкоочу жөнөтөт

Кыргызстан 18-мартта Орусияда өтө турган президенттик шайлоого 56 байкоочу жиберет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматтарга караганда, Орусия БШКсы 2 киши чакырган. Шанхай кызматташтык уюму —3, КМШ — 27, ЕККУ миссиясы — 16, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы — 2, ЖККУнун Парламент ассамблеясы — 1, ЕККУнун Парламент аралык ассамблеясы — 3, Жогорку Кеңеш 2 киши жөнөтөт.

Орусиядагы президенттик шайлоо учурунда Бишкек, Ош, Кант, Каракол, Кара-Балта, Чолпон-Атада алты шайлоо тилкеси ачылат. 56 байкоочунун 13ү Кыргызстан аймагындагы шайлоо жараянына көз салат.

Эң көп окулган жаңылыктар