15:51
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Депутаттар өкмөт мүчөлөрүнө нааразы

Бүгүн, Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын жыйынында эл өкүлдөрү өкмөт мүчөлөрүнө карата сын пикирлерин билдирди.

Депутат Карамат Орозова вице-премьер Даир Кенекеевден, аймактардагы социалдык жөлөк пул берүүдөгү коррупциялык иштер тууралуу сурап кызыкты. Депутат бул багытта канча кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылды?, — деген суроону узатты.

Бирок, суроосуна жооп ала алган жок «Баяндамачынын эмес, менин бул тууралуу маалыматым бар», — деди депутат.

Фракция лидери Иса Өмүркулов вице-премьерди Интернет ресурсун көбүрөөк колдонууга чакырды.

Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров ИИМдин өкүлдөрүнө карата сын айтты. Эл өкүлү уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү иштери тууралуу суроо узатты.

Анын негизинде учурда уюшкан кылмыштуу топтун 522 мүчөсү каттоого алынганы, алардын ичинен 241и кылмыш жоопкерчилигине тартылганы маалым болду.

Депутат кылмыштуу топторго каршы күрөшүү иштери эффективдүү жүрбөй жатканын белгиледи.

«Уюшкан кылмыштуу топтор менен иш алып баргандарга карата жазаны күчөтүү жөнүндө мыйзам долбоору дагы деле даяр эмес», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби