06:24
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жээнбеков Борбордук Азия лидерлерин терроризм менен чогуу күрөшүүгө чакырды

Сооронбай Жээнбеков Борбордук Азия лидерлерин терроризм жана экстремизм менен күрөшүүгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биринчи консультациялык жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчы бул жолугушуу коңшулардын алакасын жакшыртып, ынтымагын бекемдерине ишеним артты.

«Борбордук Азия илгертен эле диний толеранттуулуктун жана улуттар аралык ынтымактын аймагы болгон» — деди ал.

Беш өлкөнүн лидерлеринин уюмун түзүүнү өзбек президенти Шавкат Мирзиеев сунуштаган. Айрым эксперттер Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бешилтиги аймактын ынтымагы үчүн зарыл экендигин жана анын олуттуу уюмга айлануу мүмкүнчүлүгүн белгилешүүдө. Коңшулар жылына бир жолу, аймактагы ири иш-чаралардын алдында жолугушмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума