02:45
USD 68.81
EUR 80.45
RUB 1.04

Жалал-Абадда кесиптик лицейдин директору пара менен кармалды

Жалал-Абадда кесиптик лицейдин директору пара менен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдирди.

Аталган кызматка жеке ишкер арыз менен кайрылган. Анда Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарындагы № 77-кесиптик лицейдин директору пара талап кылганы жазылган.

Маалыматка ылайык, лицейди тамак аш менен камсыз кылуу максатында 2018-жылы тендер жарыяланган. Аны жеке ишкер Ч.А. жеңип алган. Келишим түзүлүп, ага ылайык аткарган иши үчүн жеке ишкердин эсебине ай сайын 20 миң сом которулуп турмак. Бирок лицейдин жетекчилиги жеке ишкердин айлыгынын 90 пайызын өздөрү үчүн талап кылган. Аны менен катар ишкер бардык документтерге каражатты толук алып жаткандыгы тууралуу кол коюп, мөөр басып турууну милдеттендирген.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында 19,4 миң сом пара алып жаткан жерден № 77-кесиптик лицейдин директору кармалган.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси (пара талап кылуу) жана 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар