21:44
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Бишкек-Ош жолунда 300дөй ууна тыгыны пайда болду

Бишкек-Ош жолунда 300дөй ууна тыгыны пайда болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, «Сосновка» постунда 100 оор жүк ташуучу, «Арал» постунда 40 оор жүк ташуучу жана 50 жеңил унаа турат. Ал эми Өтмөк ашуусуна бурулган жерде 60 оор жүк ташуучу, 30 жеңил унаалар турат.

Жайыл районунун Сосновка постунан Таласты көздөй унаалар өткөрүлүп, түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Эскерте кетсек, 13-марттын түнүндө Бишкек-Ош жолунун 246- чакырымына көлөмү 2,5 миллион кубометрди түзгөн кар көчкү түшкөн. Көчкүнүн узундугу — 250 метрди, бийиктиги — 50 метрди, ал эми туурасы 200 метрди түзгөн. Учурда трасса жабык. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жол үч күнгө чейин ачылбайт.

ӨКМдин маалыматында, Токтогул районунун «Арал» постунда 2 чатыр, Жайыл районунун «Сосновка» постунда 2 мобилдик турак үйдө, Талас районунун Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-чакырымында (Өтмөк ашуусу) 1 чатыр тигилип жүргүнчүлөргө ысык чай, тамак-аш уюштурулган.

«Кар көчкү толугу менен тазаланмайынча, Бишкек-Ош унаа жолу ачылбайт, андыктан жүргүнчүлөргө Бишкек-Ош унаа жолу менен алыскы сапарга чыкпоону эскертебиз» — дейт ӨКМ.

Эң көп окулган жаңылыктар