15:51
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү

13-марттын түнүндө Бишкек-Ош жолунун 246- чакырымына көлөмү 2,5 миллион кубометрди түзгөн кар көчкү түшкөн. Көчкүнүн узундугу — 250 метрди, бийиктиги — 50 метрди, ал эми туурасы 200 метрди түзгөн.

Учурда трасса жабык. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жол үч күнгө чейин ачылбайт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолду тазалоо иштери аяктаганча жүргүнчүлөрдү сапарга чыкпай турууга чакырууда.

Саат 6.00гө карата «Сосновка» өткөрүү пунктунда 5 жеңил унаа жана 50 жүк ташуучу унаа кармалууда. «Арал» пунктунда 35 жеңил жана 60 жүк ташуучу унаа калган. Учурда жүргүнчүлөргө шарт түзүп, жылуу тамак уюштуруу иштери жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар