17:52
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылды

Бишкекте тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Тез жардан кызматы станциясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ кечинде катталган. Бактыга жараша жабыр тарткандар жок.

«Тез жардам унаасында ооруканага алып келе жаткан бала бар болчу. Бейтап жана медиктер жабыркаган жок», — дейт "103"кызматы.

Ал эми Бишкек шаарынын жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы эч кандай маалымат бере элек.

Эң көп окулган жаңылыктар