14:54
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Тажикстан менен Өзбекстан 30 күн визасыз катташуу боюнча макулдашты

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эки өлкөнүн жарандары үчүн 30 күн визасыз жүрүүгө уруксат берген макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат катчысы кабарлады.

Эки мамлекет башчынын жолугушуусунда жалпы 27 документке кол коюлганы, алардын ичинде чек аралардагы өткөрмө пункттарды жандандыруу жана Ташкент менен Дүйшөмбү шаарларынын каттамдарын ачуу келишимдери да бар.

Президенттердин сүйлөшүүсү учурунда өткөн жылы эки кошуна мамлекет 240 млн долларлык соода кылганы, бул сумманы келерки жылы эки эсе көтөрүү пландары бары айтылды.

Өзбекстандын башчысы аймактык кызматташтык жөнүндө да сөз кылып, анда Ташкент Тажикстандын Рогун ГЭСин курууга да катышып калуусу мүмкүн экенин билдирди. Ал эми тажик президенти тажик-өзбек мамлекеттери ортосунда «тарыхый келишимдер» жетишилгенин айтты.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстанга эки күндүк иш-сапар менен 9-мартта барды. Өзбек лидери Дүйшөмбүгө акыркы ирет 18 жыл мурда барган. Бирок эки тарап эң жогорку деңгээлдеги — мамлекеттик сапар биринчи ирет болуп жатканы расмий белгиленди.

Эң көп окулган жаңылыктар