«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев партиялаш айымдарга өзүнүн куттуктоосун жолдоду.
«Сиздердин коомдо жана үй-бүлөдө ордуңар зор. Биздин кыймылдын авангардысыңар. Биз силер менен сыймыктанабыз» — дейт ал.
№ 47 абакта кармалган Өмүрбек Текебаев былтыры «Сентябрь» телеканалынын айымдарын хендмейд открытка менен куттуктаган. Андан кийин Айгүл Текебаеваны туулган күнү менен куттуктаган.
Өмүрбек Текебаев «Жемкорлук» беренеси менен соттолуп, сегиз жылга эркинен ажыратылган.