04:08
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Акүй Фарид Ниязовдун отставкасы дагы эле чечиле электигин билдирет

Фарид Ниязовдун отставкасы анын президент менен жолугушуусунан кийин билинет. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Ал эми бүгүн Фарид Ниязов өзү партиянын иштери менен алек болоорун маалымдады.

Фарид Ниязовдун ордуна президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Мухаммедкалый Абулгазиев келери айтылууда.

Фарид Ниязов мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын кишиси. КСДПдагы таасирлүү кишилерден. Сооронбай Жээнбеков кызматка киришкенден кийин Фарид Ниязовду кеңешчиликке, андан кийин аппаратын жетектөөгө бекиткен. Отставканын себеби белгисиз. 

Эң көп окулган жаңылыктар