21:18
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Суроо-жооп. Хижаб кийүүгө ата-энемди кантип көндүрсөм болот?

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Азыр университетте окуймун. Хижаб кийгим келет. Бирок менин ата-энем жана жакындарым ага каршы. Жоолук боюнча сөз биздин үй-бүлөдө талаш-тартыш жана таарыныч менен бүтөт. Буга чейин деле өтө ачык кийинген эмесмин. Үйдө чоң ата, чоң энем бар. Ата-энем жоолукту артыма байлап салууга гана макул, чүмкөнүп кийинүүгө каршы. 

Жооп: Ата-энеңизге өзүңүздүн оюңузду, сөзүңүздү жеткирүүгө аракет кылыңыз. Элдер бирөөнүн оюн окуй албайт. Сүйлөшүүдө кеңешүү жана жакын адамыңыз менен ой бөлүшүү аракетинде сүйлөшүп көрүңүз. Алардын кооптонууларын четке кагууга аракет кылыңыз. Эмнеге каршы болуп жатканын угуңуз. Балким ага да себеп бардыр. 

Бул чечим сизге да оңой болбогонун, ага сиздин ички туюмуңуз түрткү болуп жатканын, убактылуу эмес, олуттуу көз-карашта карап, радикалдык агымдардан алыс экениңизге ынандырыңыз. 

Эң көп окулган жаңылыктар