Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дааратканасынын сүрөтү интернетке жарыялангандан кийин мекеменин завхозу жана санитаркасы сөгүш алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дааратканасы эки бөлүктөн турат. Бири кызматкерлер үчүн болсо, экинчиси келгендер үчүн. Учурда даараткананын бир бөлүгү жабылып, ремонт иштери жүрүп жатат. Бир гана бөлүгү ачык», — деп маалымдашты басма сөз кызматтан.
Эскерте кетсек, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментини дааратканасынын сүрөтү бүгүн интернетке жарыяланган.