05:19
USD 69.46
EUR 79.16
RUB 1.04

Бишкекте кармалган дижей Кыргызстанды артка калган өлкө катары сыпаттады

Бишкектин түнкү клубтарынын биринде жарым жылаңач сахнага чыккандыгы үчүн бир суткага камалган дижей Юлия Михайлова (DJ Julia Mixa) Кыргызстанды караңгы өлкө катары сыпаттады. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазды.
«Кыргызстан баардык артисттер үчүн кара тизмеге кирди», — деп ал кыргызстандыктарга көңүл айткан.
Эскерте кетсек, социалдык тармакка сүрөтү жарыялангандан кийин дижей камакка алынып, 1500 сом айыппул салынган.
Юлия Михайлова Киевден чакырылган. Ал азыр мекенине чыгып кетти.
 
Эң көп окулган жаңылыктар