06:55
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Экономика министри бюджеттин эсебинен тил үйрөнүүдөн баш тартты

Экономика министрлиги кыргыз тил мугалимине жарыялаган тендердин бир бөлүгүн жокко чыгарды. Бул тууралуу мекеме маалымдайт.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик сатып алуу порталына кыргыз тилин үйрөтүүчү мугалимдердин кызматына сынак жарыяланган. Сынактын биринчи бөлүгүндө Артем Новиков үчүн 36 миң сом бөлүнүп, министр жеке сабак бере турган мугазим изделгн.

Экинчи бөлүгүндө министрликтин 100 кызматкерине мамлекеттик тилди окууга 324 миң сом каралат.

Министрликтин билдирүүсүндө, коомдогу кызуу талкуудан кийин тендердин бир бөлүгү токтотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума