23:08
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

АКШ журналист Элнура Алканованын ишине кызыкты

Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Кыргызстандын бийлигин журналист Элнура Алканованы айыптоону токтотууга чакырат. Бул тууралуу комитет атайын билдирүү таркатты.

Комитет журналистке карата иш анын иликтөөсүнө байланыштуу экендиги жана саясый негизде козголгондугун билдирет.

«Журналистке каршы козголгон кылмыш иши токтотулуп, анын кесиптик милдетин аткаруу шарт түзүлүшү керек» — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, журналист Элнура Алканова мурдакы президент Максим Бакиевдин улутташтырылган коттеждери боюнча иликтөө жүргүзгөн.

Анда «Идеал Хаус» компаниясына тиешелүү аймакты «БТА Банктын» директорлор кеңешинин башчысы Темир Рыскулов сатып алгандыгы айтылат. Журналисттин маалыматында, Темир Рыскулов өкмөт башчысы Сапар Исаковдун классташы жана досу.

Максим Бакиевдин «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги үйлөр салынган «Идеал Хаус» компаниясынын ээлиги 2010-жылдагы окуялардан кийин улутташтырган. Аны жакында мамлекеттик мүлк фонду 142 миллион сомго сатылганын жарыялады. Аны «ВостокТехКомплект» ишканасы сатып алды. Бул компаниянын артында мурдакы премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу тургандыгы айтылган.

13-февраль күнү Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы ага «Коммерциялык, же банктын жашыруун сырды мыйзамсыз алгандыгы» жана «Коммерциялык, банктын жана салыкчы төлөөчүнүн өздүк маалыматын элге жарыялагандыгы» беренелери менен айып такты.

Эң көп окулган жаңылыктар