03:10
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Журналист Элнура Алкановага айып тагылды

Бүгүн белгилүү журналист Элнура Алкановага кылмыш иши козголуп, Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы айып такты.

Ага «Коммерциялык, же банктын жашыруун сырды мыйзамсыз алгандыгы» жана «Коммерциялык, банктын жана салыкчы төлөөчүнүн өздүк маалыматын элге жарыялагандыгы» беренелери менен айыпталат.

Эскерте кетсек, журналист Элнура Алканова мурдакы президент Максим Бакиевдин улутташтырылган коттеждери боюнча иликтөө жүргүзгөн.

Анда «Идеал Хаус» компаниясына тиешелүү аймакты «БТА Банктын» директорлор кеңешинин башчысы Темир Рыскулов сатып алгандыгы айтылат. Журналисттин маалыматында, Темир Рыскулов өкмөт башчысы Сапар Исаковдун классташы жана досу.

Максим Бакиевдин «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги үйлөр салынган «Идеал Хаус» компаниясынын ээлиги 2010-жылдагы окуялардан кийин улутташтырган. Аны жакында мамлекеттик мүлк фонду 142 миллион сомго сатылганын жарыялады. Аны «ВостокТехКомплект» ишканасы сатып алды. Бул компаниянын артында мурдакы премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу тургандыгы айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума