Күйүүчү майга баа кымбаттады. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлеринин ассоциациясы билдирет. Бензин 0,8 сомго же 2 пайызга, дизель майы 2 сомго, же 5 пайызга көтөрүлдү.
Ассоциациянын маалыматында, ага Россияда мунайзатка баанын өсүшү себеп болууда. Акыркы айда Россияда бензин 3-5 пайызга, дизель майы 7 пайызга кымбаттады.
«Баалардын өсүшү дүйнөлүк рыноктогу ахыбалга байланыштуу. 2018-жылдын январь айында бир баррель 69 долларга сатылып, үч жылдан берки жогорку көрсөткүчкө жетти», —дейт ассоциация.
Ассоциациянын божомолунда күйүүчү майдын баасы дагы 4-6 пайызга кымбатташы мүмкүн.