02:19
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Россияда өз баласынын жоголушуна шектелип кыргызстандык аял кармалды

Санкт Петербург шаарында 39 жаштагы Кыргызстандын жараны Мунавар Назарова кармалды. Аны менен бирге 20 жаштагы күйөө баласы дагы камоого алынды. Бул тууралуу россиядык ЖМК маалымдайт. 

Аял 11 жаштагы уулу Салмон Мадумаровдун жоголушуна шектелүүдө. 

Санкт-Петербург шаарынын Витебск көчөсүндө жашаган Салман Мадумаров 26-январь күнү кечке жуук көчөгө футбол ойноп келүүгө чыккан бойдон кайра келген эмес. Укук коргоо органдарына арыз менен атасы кайрылган. Атасынын билдирүүсүндө, бала орусча сүйлөбөйт. 

Салмандун апасы баласы кайсы жерде экенин билип туруп, айтпай жаткандыгына шектелүүдө. Божомолдор боюнча, ал баланы Түркияга медресеге окууга жиберген. 

Эң көп окулган жаңылыктар