05:10
USD 69.08
EUR 81.24
RUB 1.05

Мектеп мугалими менен окуучу кыздын ортосундагы чатак текшерилет

Бишкек шаарынын мектептеринин биринде тартылган видео боюнча Билим берүү министрлиги текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Министрлик видеонун кайсы мектепте тартылганын тактайт.

Социалдык тармакта таркаган видеодо мектеп мугалими акыркы партада жалгыз олтурган окуучу кызды жакка чаап, кагып-силкип, класстан чыгып кетүүсүн талап кылат. Мугалим кызды аны сөккөнүнө нараазы болуда. Окуучу кыз «мен сизди эмес, аны сөктүм» — деп классташтары тарапты көрсөтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар