16:25
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Чукул билдирүү: кар жаап, муз тоңот.

11-12-январда айрым аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Алардын маалыматында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ызгаардуу суук түшөрү күтүлөт.

Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Ошол күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 17-22 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында түнкүсүн −12, Ош, Жалал-Абад, Баткенде −8, Нарында −23 жана бийик тоолуу аймактарда −32 градуска чейин суук болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-12-январдагы суукка байланыштуу жарандарды сак болууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар