15:41
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Түп районунда жоголгон кишинин сөөгү табылды

Түп районунда дайынсыз жоголгон жарандын жансыз денеси табылып, РИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. 

2017-жылдын 27-декабры күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Санташ айыл аймагынын Сары-Төлөгөй айылынын тургуну А. Н.Ж. (1974-ж.т.) атуу жаран айылдын четиндеги кашарга барам деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон. 

29-декабрь күнү Түп району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана бөлүмдүн офицери, Түп РИИБнөн 37 кызматкери, Санташ айыл аймагынан 2 адам жана жергиликтүү тургундардан 30 адам издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, 2017-жылдын 29-декабры күнү саат 13:00 чамасында Кең-Суу айылынын түштүк тарабынан дайынсыз жоголгон А.Н.Ж. атуу жарандын жансыз денеси табылып, Түп РИИБнүн кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби