09:40
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Түркия ВИЧ аныкталган тажик мигранттын мекенине кайтарды

Түркия бийлиги Стамбулдагы көңүл ачуу жайларынын биринде иштеп жүргөн тажик кумсаны мекенине депортациялады. Мындай чечим анда ВИЧ инфекциясы бар экени аныкталгандан кийин кабыл алынган.

Өзүн Фотех деп тааныштырган тажикстандык кумса 2010-жылы Орусияга иштегени кеткен. «Үч жыл мурда досторум мага Стамбулдагы көңүл ачуу жайларынын биринде жумуш таап беришкен. Анда мен официант жана бийчи болуп иштечүмүн. Андан тышкары кыздарга бий боюнча сабак берип жүргөм», - деди ал.

Фотехтин айтымында, ал ВИЧти кантип жуктурганын билбейт. «Акыркы кездери Түркияда ооруп жүргөм. Депортациялангандан кийин азыр дарыланып жатам», - деди ал.

ВИЧ менен ооругандарга жардам берүү боюнча кайрымдуулук уюмдун кызматкери Акбар Хомидов депортациялангандан кийин Фотех депрессияга кабылып, спирт ичимдигин көп ичкенин билдирди. «Ал башкалар менен жыныстык катнашка барып, аларга жуктурат деген коркунуч жаралды. Мындан улам биз аны дарыгерге алып барып, дарылануусун катуу көзөмөлдөп жатабыз», -деп билдирди ал.

Жакында эле Тажикстан ИИМи менен Башкы прокуратурасы 370ке жакын кумсалар менен лесбияндардын тизмесин түзүшкөн. “Конуният” (“Мыйзамдуулук”) журналынын маалыматы боюнча тизмеде 319 кумса жана 48 лесбиян бар. “Алардын секс-азчылык өкүлдөрү экендиги далилденип, бардыгы оперативдүү эсепке алынышты”, - деп жазган басылма.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума