22:41
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жалал-Абадда шаарында 2017-жылы турак жай курулушу 133,7 пайызды түздү

Жалал-Абад шаарында капиталдык салымдын көлөмү быйылкы январь-ноябрь айларында кыйла артып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 147,2 пайызга өстү. Бул тууралуу шаар мэриясынын аймактык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.

Алынган маалымат караганда, өткөн 2016-жылдын январь-ноябрь айларында шаардагы капиталдык салымдын көлөмү 452 миллион сомдү түзгөн болсо, быйылкы жылдын ушул мезгилинде анын көлөмү 665,4 миллион сомго жеткен. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 213,4 миллион сомго көп.

Тактап айтканда, өткөн жылдын январь-ноябрь айларында шаарда 11 миң 668 чарчы метр турак жай курулган болсо, быйылкы жылдын ушул мезгилинде 15 миң 599 чарчы метр турак жай тургузулуп, өсүү темп 133,7 пайызга жеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар