17:31
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстан Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү пансионаттарды кайтарып берет

Кыргызстан Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү пансионаттарды кайтарып берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында айтылды.

Жыйында белгилүү болгондой, Өзбекстан пансионаттарды кайтарууну талап кылып эл аралык сотко кайрылды. Доо арыз азыр АКШнын сотунда каралууда.

Эскерте кетсек,  2016-жылы Темир Сариев премьер-министр кезинде Ысык-Көлдөгү Өзбекстандын карамагындагы төрт пансионатты («Алтын кум», «Рахат», «Дилором» жана «Бостон») кыргыз өкмөтүнө кайтарган.

Бул маселе Алмазбек Атамбаевдин Ташкентке болгон иш сапарында дагы сүйлөшүлгөн. Анда Өзбекстандын өкмөтү менен жаңы келишим түзүү макулдашылган.

Парламентте жаңы келишимге ылайык Кыргызстан Өзбекстанга Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатын кайтарып берери айтылды. Жер Кыргызстандын менчиги бойдон калат. Ал эми өзбек ишкерлери мүлккө укугун мыйзамдаштыргандан кийин, пансионаттарды 3-4 жылдызга жеткирип, жыл бою иштетиши керек болот. Андан кийин эки тарап тынчтык келишим түзүп, сот токтотулат.

Депутаттар келишимди колдошту.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума