08:25
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Депутат Аскарбек Шадиев биринчи-вице-премьер-министрликке бекитилди

Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиев биринчи-вице-премьер-министрликке бекитилди. Анын талапкерлигин 96 депутат колдоду.

Эскерте кетсек, 1-декабрда Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Ага ылайык аткаруу кызматына ишке өткөн депутат мандатын сактап калат.

Аскарбек Шадиев Баткен областынын Лейлек районунун Голбо айылында 1969-жылы 31-январда кенчинин үй-бүлөсүндө туулган. Билими жогорку.

1988-ж.— Фрунзедеги Политехникалык техникумун артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
1988–1993-жж. — Кыргыз Мамлекеттик Университеттин экономика факультетин жана 1999-ж. ушул эле Университеттин юридика факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1993–1994-жж. — «Сфера» өндүрүш-коммерциялык фирмасынын башкы бухгалтеринин орун басары болуп иштөө менен баштаган.
1994–1995-жж. — "Азнур Лтд"ЖЧКнын коммерциялык директору, 1995–2000-жж. — "Корпорация Датка«ЖЧКнын вице-президенти.
2000–2002-жж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруучу палатасынын депутаты.
Жогорку Кенештин менчик, менчиктештируу жана лицензиялоо боюнча комитетинин төрагасы.
2002-ж. — Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, 2002–2003-жж. — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы кирешелер боюнча комитеттин төрагасы—министрдин орун басары.
2003–2005-жж. — Баткен областтык мамлекеттик администрациянын башчысы-губернатору.
2005–2007-жж. — Жогорку Кенештин III чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты.
Жогорку Кеңештин Экономика, бюджет жана каржы комитетинин төрагасы болгон.
2010- 2011-жылдары КРнын энергетика министри.
2011-2012-жылдары КРнын энергетика жана өнөр жай министри.
2015-жылдын 4-октябрында «Бир Бол» саясый партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2015-2016-жылдары VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитетин төрагасы.
2016-жылдын октябрь айынан азыркы учурга чейин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы болгон.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти.
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси.
Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Эң көп окулган жаңылыктар