08:31
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргыз-монгол окшоштугун издеген Элбегзаяа Батжаргал

жеке архивтен
Фото жеке архивтен

Монголиянын жараны Элбегзаяа Батжаргал Кыргызстанга 2010-жылы Борбордук Азия университетинде иштөө үчүн келди. Андан бери орус тили мыкты үйрөнүп, досторду күтүп, кыргыз тоолоруна суктанып жашап келет.

— Биринчи жолу биздин өлкө жөнүндө качан уктуңуз эле?

— Монголия үчүн Кыргызстан белгилүү эле өлкө. Мен бул мамлекетти Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан билем. Албетте, Монголиянын жаштарынын Кыргызстан жөнүндө маалыматы аз.

Биздин муун мектепте орус тилин окуган. Азыркы жаштар орусча билишпейт.

Мен буга чейин Борбордук Азия өлкөлөрү окшош деп ойлочумун. Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда эле ушунча чоң айырмачылык бар экенин билген эмесмин.

жеке архивтен
Фото жеке архивтен . Элбегзаяа Батжаргал

— 2010-жылкы саясый окуялар учурунда Кыргызстанга келдим дедиңиз эле...

— Ооба, 2010-жылдын февраль айында келгенмин. Бир айдан кийин революция башталды. Элдер массалык толкундоо болорун айтып жатышты. Үч күн үйдөн чыккан жокмун.

Көчөгө чыгып, таланган дүкөндү көрдүм. Бир да милиционер жок экен. Мейли алар жемкор болсун, бирок баары бир коомдук тартипти сактоодо ролу чоң

Кыргыз эли чындыгында эркиндикти сүйөт экен. Бул жагынан биз окшошбуз.

— Сиз Кыргызстанды Айтматовдун чыгармаларынан улам билем дедиңиз. Өлкөгө келгенде кийин кандай ойдо калдыңыз?

— Негизинен мен советтик шаарлардын кандай болорун билчү элем. Мага Бишкектин түзүлүшү абдан жакты. Каала чарчы чарчы болуп так бөлүнгөн. Мындайда туристтер адашпай жолун таба алат. Унаага дагы ыңгайлуу.

Мени сейил бактар таң калтырды. Бишкек мурда мындан да жашыл болчу дешет. Бирок азыркысы дагы абдан кооз.

— Улуттук ашканага бат эле көнсөңүз керек?

— Бешбармакты жакшы көрөм. Бир кафени таап алдым, ар дайым ошол жерден барып бешбармак жеп турам.

— Жылкынын эти мененби?

— Жок, мен койдун этин жактырам. Биз монголдор жылкынын этин жайында жебейбиз. Ал күчтүү болгондуктан кышында жешет. Тамактардан мага талкан жетишпей жатат. Жакшы талкан таба албай жүрөм.

Биздин тилдерде дагы окшош сөздөр бар экен. Кыргызда «мүлжү» дешет экен, монголдор этти «мүлжү» дейт.

Негизинен тышкы кебетесин дагы окшош болгондуктан, мени кыргыз деп эле кабыл алышат. Кээ бирлер түштүктүк кыргыз деп да айтышат. Бирок, мен кыргызча сүйлөй албайм. Орусчаны акцент менен сүйлөгөнүм үчүн түштүк облустарынын тургуну деп ойлошот окшойт.

жеке архивтен
Фото жеке архивтен . Элбегзаяа Батжаргал

Эң көп окулган жаңылыктар