Улуттук банк 22-ноябрда дагы бир жолу интервенция жасады. Бул тууралуу банктын интернет баракчасында маалымдалат.
Бул жолу банк 5 миллион доллар саткан. Ай башынан бери Улуттук банк сегиз жолу валюталык рынокко кийлигишип, доллар сатып, жалпысынан мамлекеттин алтынвалюталык резервинен 38,15 миллион доллар сарптады.