03:21
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Президент Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирди

Президент Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсүнүн чыдамдуулугу үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу өлкө башчысы кечээ мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда айтты.

Ал жубайы Раиса Атамбаева сыйлыктан баш тартканын айтып  өттү. 

«Менин аялымдын менин менен 30 жыл чогуу жашаганы эле эрдик. Мен ага сыйлык тапшырайын десем, макул болбой койду. Алты жыл бою үй-бүлөмдүн мени уят кылбай, эч бир ишке аралашпаганына ыраазымын. Аялым дагы, кызым дагы өзүн татыктуу алып жүрүштү» - деди президент.

Президенттин колунан журналисттер, эксперттер, парламент депутаттары, мамлекеттик кызматкерлер, даарыгерлер, ырчылар сыйланышты. 

Эң көп окулган жаңылыктар