06:42
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн ууналардын саны кайра көбөйдү

«Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү бекетинде 435 жүк ташуучу унаа кезек күтүп турат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине чек ара кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматында, кечээ чек арадан 73 унаа гана өткөн. Ал эми Талас облусундагы «Чоң-Капка» өткөрүү бекетинен кечээ 50 унаа Казакстанга өтүп, учурда 100 ашыгы кезекте турат.

Эскерте кетсек, кыргыз-казак чек арасын кесип өтүү 10-октябрдан бери татаалданды.