Кыргызстанда жети жылда 400 мектеп курулду. Бул тууралуу «Сандар жана далилдер. Кыргызстан. 2011-2017» басылмасында жазылат.
Жаңы курулган мектептерден тышкары, 287 орто окуу жайынын имараты оңдоодон өттү.
Өлкөдө 2 миң 236 мектеп иштейт. Анда 1 миллион 175,8 миң окуучу окуйт.