12:12
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

2018-жылы бюджеттин тартыштыгы 20,3 миллиард сомду түзөт

2018-жылы бюджеттин тартыштыгы 20,3 миллиард сомду, же ИДӨнүн 3,8 пайызын түзөт. Бул тууралуу коомдук талкуу учурунда финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, бюджеттин тартышыгы тышкы булактардын эсебинен жабылат. Киреше жакынкы үч жылда 7,5 пайызга көбөйөт.

Депутат Табылды Тиллаев өкмөт эмки жылы бюджеттин планды аткара алышына күмөнүн айтты.

«Бизде айлык акы төмөн. Бул биздин ЕАЭБке даяр болбой туруп кошулганыбызды билдирет. Чек арадагы азыркы кырдаал дагы 2018-жылдын бюджетине таасирин тийгизди. Бул турушта өкмөт программасын ишке ашыра албайт», — деди Таабалды Тиллаев.

Эң көп окулган жаңылыктар