13:34
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Бишкек жылуулук станциясы» кайра эле Казакстандын көмүрү менен иштейт

«Бишкек жылуулук станциясы» кайра эле Казакстандын көмүрүн кабыл алууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Электр станциялары» АККсынан билдиришти.

Алардын маалыматында, станциянын кампасында 270 миң 873 тонна көмүр бар. Акыркы жолу Казакстандан көмүр 11-ноябрда келген. Кезектеги жүк жолдо келе жатат. Ноябрь айында коңшу өлкөдөн 100 миң тонна көмүр келет.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргыз өкмөтү быйыл «Бишкек жылуулук станциясы» жергиликтүү көмүрдү жагарын айткан. Өкмөт импорттук көмүрдөн биротоло баш тартуу оюн да билдирген.

Казакстан 10-октябрдан кийин көмүрдү импорттоого убактылуу тыюу салган.

Эң көп окулган жаңылыктар