05:39
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстандык режиссер эл аралык сынактын жеңүүчү аталды

Кыргызстандык кинорежиссер Нурлан Анарбаевдун тасмасы Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгы жарыялаган Mountains Matter эл аралык сынагынын «кесипкөйлөр» бөлүмүндө мыкты деп табылды. Бул тууралуу маалыматты режиссер өзү «24.kg» агенттигине ырастады.

Нурлан Анарбаевдин эмгеги «Тоолор басым астында: климат, ачкачылык, миграция» конференциясынын Тоолордун эл аралык күнүнө карата Римде өтө турган концертте көрсөтүлөт.

Сынакка Улуу Британия, Франция, Перу, Хорватия, Бразиляи жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышышты.

Тоолордун эл аралык күнү БУУнун Башкы ассамблеясынын чечими менен жыл сайын 11-декабрда белгиленет.

Эң көп окулган жаңылыктар