05:07
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Ак-Тилек» чек ара өткөрүү бекетинде 165 унаа кезекте турат

«Ак-Тилек» чек ара өткөрүү бекетинде 165, «Чоң-Капка» — 135 жүк ташуучу унаа кезекте турат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Чек ара кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, «Ак-Жол» чек ара бекетинде кезек жок. Кишилерди казак чек арачылары токтоосуз өткөрүүдө.

Апта башында казак чек арачылары текшерүүнү тездеткен. «Ак-Тилек» чек ара өткөрүү бекетиндеги унаалардын бир нече чакырымдык кезеги кыскарып, 40 ууна калган. Анда Чек ара кызматы, Казакстан бош жүк ташуучу машиналарга жол ачканын билдирген.

Эскерте кетсек, 10-октябрда Казакстан Кыргызстан менен чек арасындагы өткөрүү бекеттерин күчөтүлгөн тартипке өткөрдү.

Эң көп окулган жаңылыктар