11:01
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Казакстан бош унааларды текшерүүсүз өткөрүп баштады

Кыргыз-казак чек арасындагы оор жүк ташуучу автоунааларды өткөргөн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Ак-Тилек» бекетинде машинелердин тыгыны азайды. Учурда аталган бекетте 40тай фура турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, казак тарап акыркы үч күндөн бери бул бекет аркылуу автоунааларды өткөрүүнү тездетти.

«Казак тараптан текшерүү тариптери өзгөргөн жок. Кезек күткөн унаалардын азайышы — чек арадан бош фуралар текшерилбей өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу. Болжолдуу эсеп боюнча, чек арада турган 50 жүк унаанын 20сы бош болгон», — деп билдиришти мекемеден.

Чек ара кызматы «Ак-Тилек» бекетинде кезек күткөн унаалардын азайышынын болжолдуу дагы бир себеби катары жүк ташуучулардын товар ташуунун жана сатуунун башка жолдорун караштырып жаткандыгын атады.

Эң көп окулган жаңылыктар